Бакыт Төрөбаев “Экоуражай” дыйкан чарбасынын помидор талаасында болду
Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Экоуражай” дыйкан чарбасынын помидор талаасында болду.
Чарба 270гектар аянтка помидорду заманбап технологиялар: тамчылатып сугаруу, көчөттөрдү автоматташтырылган, механикалаштырылган заманбап технологияларды колдонуп жыйноо боюнча өстүрөт. Өсүмдүктөрдү комплекстүү коргоо (химиялык заттарды минималдуу колдонуу менен зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн комплекстүү ыкмасы) да колдонулат.
Айыл чарбасында кластердик ыкма өзүнчө чарба жүргүзүүгө салыштырмалуу көбүрөөк киреше алып келерин Экоуражайдын мисалы ачык көрсөтүп турат. Маселен, тамчылатып сугарууну эффективдуу пайдалануу үчүн бир эле массивден кеминде 50 гектар аянт керектелет – бул учурда гана сугаттын наркы бир кыйла төмөндөйт.
Майда фермерлерди кооперативдерге бириктирүү айыл чарбасын туруктуу жана кирешелүү бизнеске айландырат. Бул чарбада кайра иштетүүгө, анын ичинде томат пастасын өндүрүүгө багытталган жогорку түшүм берүүчү европалык гибриддер өстүрүлөт.
Түшүм толугу менен помидорду иштеткен «Айлана» ЖЧКсына сатылат.
Иш сапардын жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:
- Туруктуу кирешенин фактору катары кластердик ыкманын жана заманбап агротехнологиянын эффективдүүлүгүн көрсөтүү үчүн республиканын бардык аймактарынын фермерлеринин катышуусунда Талаа күнүн өткөрүү.
- Райондук администрация помидор айдоолорун кеңейтүү үчүн кошумча жер бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.
- Заманбап кайра иштетүүчү заводду куруу үчүн жаңы участокторду изилдөө.
