1 миллиардга жакын кредит: Финансы министрлиги ал эмнелерге жумшаларрын түшүндүрдү
9 июнь

1 миллиардга жакын кредит: Финансы министрлиги ал эмнелерге жумшаларрын түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Кыргызстан 1 миллиард 16 миллион 160 миң доллар кредит алуу алдында турганын билдирди. 

“Бул сумманын 34 миллион доллары грант түрүндө берилет, калган 982 миллиону жеңилдетилген кредит”, - деди Акжолов. 

Айтымында, кредиттин мөөнөтү 25 жыл жана анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт. А пайыздык чени – 1,5 пайыз. 

Министрдин орун басары алынган каражат төмөнкүдөй бөлүштүрүлөөрүн белгиледи: 

  • 400 миллион доллар – экономиканы өнүктүрүүгө;
  • 367 миллион 700 миң доллар – энергетикага; 
  • 174 миллион 600 миң доллар – ирригация жана калкты таза суу менен камсыздоого; 
  • 51 миллион доллар – санариптештирүүгө жана калган 22 миллион 8 миң доллары башка тармактарга каралат.