Транспорт министрлиги подрядчыларга 400 миллион сом карыз
15 октябрь

Транспорт министрлиги подрядчыларга 400 миллион сом карыз

Бүгүн, 15-октябрдагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.  

Мыйзам долбоору боюнча каржы министринин орун басары Руслан Сүйүналиев маалымат берди. Депутаттардын суроолоруна тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, каржы министри Алмаз Бакетаев жооп берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Улугбек Ормонов Транспорт жана коммуникация министрлиги тарткан подряддык мекемелерге мурдагы жылдардагы карыздын көлөмүнө кызыкты. Буга каржы министри карыз толугу менен төлөнгөнүн айтты. "Бүгүнкү күндө 400 млн сомго жакын учурдагы карыз гана бар", - деди ал.