Кыргызстандагы дан эгиндеринин 87,6 миң гектары жыйналып бүттү
8 июль

Кыргызстандагы дан эгиндеринин 87,6 миң гектары жыйналып бүттү

2025-жылдагы дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери республика боюнча ыкчам жүрүүдө, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, 8-июлга карата жалпы 653,9 миң гектар айдоо аянтынын 87,6 миң гектары жыйналып, бул 13,4 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,9 миң гектарга көп.

Негизги көрсөткүчтөр:

  • Буудай – 249,9 миң га аянттын 45,2 миң гектары жыйналып, 18,1 % түздү. (2024-жылга салыштырмалуу +21,1 миң га).
  • Арпа – 239,2 миң га аянттын 42,5 миң гектары жыйналып, 17,8 % түздү. (+14,9 миң га).
  • Жүгөрү, чанактуу жана башка дан өсүмдүктөрү – жыйноо иштери али баштала элек.

Жалпы жыйналган дүң түшүм – 246,3 миң тонна (2024-жылга салыштырмалуу +80,5 миң тонна)

Облус боюнча маалыматтар:

Баткен облусу. Жалпы аянттын 19,2 % (8,1 миң га) жыйналды. Буудай – 30,7 % (4,6 миң га), арпа – 28,7 % (3,5 миң га). Түшүмдүүлүк: буудай – 22,8 ц/га, арпа – 24,3 ц/га. Дүң түшүм – 19,0 миң тонна.

Жалал-Абад облусу. Жалпы аянттын 16,5 % (12,0 миң га) жыйналды. Буудай – 34,1 % (7,8 миң га), арпа – 29,6 % (4,2 миң га). Дүң түшүм: буудай – 19,7 миң тонна, арпа – 10,3 миң тонна.

Ош облусу. Жалпы аянттын 14,7 % (14,7 миң га) жыйналды. Буудай – 19,6 % (8,1 миң га), Арпа – 25,2 % (6,6 миң га). Дүң түшүм – 40,1 миң тонна.

Чүй облусу. Жалпы аянттын 20,3 % (52,0 миң га) жыйналды. Буудай – 23,8 миң га (дүң түшүм – 40,6 миң тонна), арпа – 28,2 миң га (дүң түшүм – 37,1 миң тонна).

Талас облусу. Жалпы аянттын 1,4 % (0,9 миң га) жыйналды. Дүң түшүм – 1,7 миң тонна.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында 8-июлга карата дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери баштала элек.

Техникалык камсыздоо. Жыйноо иштерине жалпысынан 764 комбайн тартылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине (575 комбайн) караганда 189 бирдикке көп.