Ош шаарында курулуш балкаларын өндүрүүчү жаңы ишкана ачылат
Ош мэриясы
31 март

Ош шаарында курулуш балкаларын өндүрүүчү жаңы ишкана ачылат

Ош шаарында курулуш балкаларын өндүрүүчү жаңы ишкана ачылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, мэр Жанарбек Акаев Ош шаарындагы курулуш тармагындагы көпүрөлөр үчүн балка чыгаруучу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш процесси жана колдонулган технологияларды жеринен көрүп чыкты.

Калаа башчысы ишкананын продукциясы шаардагы курулуш иштерин сапаттуу материалдар менен камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ата Мекендик өндүрүштү колдоо Ош шаарынын мэриясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин айтып, өзүбүздөн өндүрүлгөн материалдарды колдонуу зарылдыгын билдирди.

Учурда өндүрүш ишканасында 18, 24, 33 метрлик балкалар чыгарылууда. Өндүрүш процесси жаңы технологиялардын жардамында жүргүзүлүп, продукциялардын сапаты жогорку деңгээлде даярдалууда.

Белгилей кетсек, өндүрүш ишканасы жакынкы күндөрү расмий түрдө ачылууга даяр. Ишкана толук кандуу ишке киргенден кийин, Кыргызстанда курулуш балкаларын эң ири көлөмдө өндүргөн жалгыз өндүрүш тармагына айланат.