Кыргызстан менен Монголия текстиль өнөр жайындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Ж. Керималиев 8-июлда Монголиянын делегациясы менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Касиет” камволдук-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү маселеси жана бул жааттагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар текстиль жана кайра иштетүү тармагындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышып, бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруунун техникалык, экономикалык жана уюштуруучулук аспектилерин биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.
Мындай кызматташтык демилгелери өнөр жайды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, продукциянын кошумча наркын жогорулатууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана агроөнөр жай секторуна инвестиция тартуу багытындагы ишмердүүлүгүн улантат.
