Кыргызстан менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
8 июль

Кыргызстан менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, алмашылды.

Негизги документтердин арасында “Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Тажикстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө” макулдашуу.

Кыргыз тараптын атынан документке Кыргыз Республикасынын СӨП вице-президенти Авазбек Керимбаев кол койду.

Ишкерлер кеңешинин түзүлүшү экономикалык байланыштарды арттыруу, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү жана соода жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча маанилүү кадам болот.