Чолпон-Атада ири айыл чарба жарманкеси уюштурулат
8 июль

 Чолпон-Атада ири айыл чарба жарманкеси уюштурулат

Ушул жылдын 5-июлунан 25-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда масштабдуу «Ысык-Көл 2025» айыл чарба жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлайт. 

Иш-чара күн сайын саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт.

Жарманкеде төмөнкүдөй продукциялар жана иш-чаралар сунушталат:

  • Дыйкандар өндүргөн жаңы жашылча-жемиштер, эт, сүт азыктары, бал;
  • Азыктар жана таттуулар – улуттук тамак-аштар;
  • Этно кийимдер жана кол өнөрчүлүк буюмдары – чеберлердин колунан жаралган нерселер;
  • Гүлдөр жана декоративдүү өсүмдүктөр – көчөттөр, гүлдестелер жана багуу боюнча кеңештер;

Мастер-класстар жана даам татуу – кайнатмалар, майлар, чөп чайнектери жана андан жасалган рецепттер.

Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана кол өнөрчүлөрдү колдоо, айыл чарбасын өнүктүрүү. Жарманкеге келгендер таза, табигый продукцияларды түздөн-түз фермерлерден сатып алып, үй-бүлө жана достору менен көл жээгинде жагымдуу эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Чолпон-Ата ат майданы 25 гектар аянтты ээлеп, 10 000 кишиге чейин батат. Ал заманбап шарттар менен жабдылып, чоң иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу.

Жарманкеден түшкөн каражат ипподромду жакшыртууга жана асыл тукум ат чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталат.