ЕРӨБ Бишкектин жанындагы ири логистикалык борбордун курулушуна колдоо көрсөтөт
Кыргызстанда заманбап логистикалык хаб түзүү багытында дагы бир маанилүү кадам жасалды.
«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Ивановка темир жол станциясында логистикалык борбор куруу долбоору боюнча мандаттык катка кол коюшту.
Документке ылайык, ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууга негиз боло турган техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) даярдоо үчүн гранттык каражат бөлүнөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын, ЕРӨБдүн жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү долбоорду даярдоонун кийинки этаптарын, кызматташтыктын келечегин жана Кыргызстандын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Курула турган логистикалык борбор жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатып, темир жол тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн эл аралык транспорттук байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул долбоор Кыргызстандын транзиттик потенциалын күчөтүп, жүк ташуу системасын заманбап, ыкчам жана ыңгайлуу деңгээлге чыгарууга шарт түзөрү күтүлүүдө.
