2026-жылы Кыргызстанда жол курууга 35,5 млрд сом бөлүндү
2026-жылы Кыргызстандын республикалык бюджетинен жол курууга 35 млрд 505 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, каражат капиталдык салымдар беренеси боюнча каралган.
10-октябрга карата өлкө боюнча 1 миң 668 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады.
Учурда Кыргызстанда республикалык жана эл аралык маанидеги бир катар ири жол долбоорлору ишке ашырылууда. Алардын катарында Ысык-Көл айланма жолу, Бишкектин түндүк айланма жолу, Чолпон-Ата шаарынын айланма жолу, Суусамыр – Талас – Тараз, Барскоон – Бедел, Нарын – Баетов жана Ош – Кара-Суу жолдору бар.
14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин социалдык объектилерди жана жолдорду куруу, транспорттук тыгындарды жөнгө салуу, социалдык маанидеги товарлардын баасын көзөмөлдөө, ошондой эле экологиялык абалды жакшыртуу жана түтүнгө каршы күрөшүү боюнча чаралары тууралуу маалыматы угулууда.
