Чолпон-Атада ШКУ форуму башталды: аймактар жана боордош шаарлар инвестиция жана туризмди талкуулашууда
Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму жана боордош шаарлардын жолугушуусу өз ишин баштады. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен кабарлашты.
Форум ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Казакстан, Иран, Беларусь, Индия, Пакистан жана ШКУ Катчылыгынын расмий делегациялары катышууда.
Форумду экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов алып барууда. Катышуучулар инвестиция, санариптештирүү, туризм, туруктуу өнүгүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашат.
Форумдун жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин шаарлары жана аймактарынын ортосунда кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол коюу күтүлүүдө.
