Кыргызстандын 186 чарба субъектиси асыл тукум статусун алды
8 июль

Кыргызстандын 186 чарба субъектиси асыл тукум статусун алды

Кыргызстан боюнча 186 мал чарба субъектиси расмий түрдө асыл тукум статусуна ээ болду. 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлагандай, аларга министрлик тарабынан күбөлүктөр берилди. 

Бул мал чарбачылыгын өнүктүрүү, продукциянын сапатын жакшыртуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында маанилүү кадам болуп саналат. 

Асыл тукум чарбалардын тизмеси төмөнкүдөй:

  • Кой чарба – 75
  • Эчки чарба – 5
  • Ири мүйүздүү мал чарба – 66
  • Жылкы чарба – 35
  • Топоз чарба – 5
  • Канаттуу чарба – 2
  • Аары чарба – 4

Асыл тукум малдын жалпы саны:

  • Кой – 52 580 баш
  • Эчки – 3 590 баш
  • Жылкы – 3 784 баш
  • Топоз – 14 500 баш
  • Канаттуулар – 350 700 баш

2025-жылдын алты айында сатылган асыл тукум малдардын саны:

  • Ири мүйүздүү мал – 1 020 баш
  • Жылкы – 622 баш
  • Кой жана эчки – 2 554 баш

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын асыл тукум мал чарбачылыгы туруктуу өнүгүп жатканын далилдеп турат. Министрлик бул багыттагы колдоону улантып, мал чарбачыларына заманбап билим, финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүнү улантат.

Пресс служба МСХ КР

свидетельствует Вам свое уважение

и благодарит за сотрудничество.