Салык кызматы тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү менен жолукту
27 сентябрь

Салык кызматы тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү менен жолукту

Эл аралык мода жана текстиль көргөзмөсүнүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү тигүү жана текстиль тармагындагы ишкерлер менен жолугушту. 

Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков катышты. Ал салык органдары менен бизнес-коомчулугунун ортосундагы ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда тармактагы чакан жана орто бизнестин ишмердүүлүгүнө түздөн-түз таасир эткен актуалдуу маселелер талкууланды:

• Баштапкы документтер жана отчеттуулук. Баштапкы документтерди жүргүзүүнү жеңилдетүү боюнча сунуштар каралды.

• Салык режимдери. Тигүү жана текстиль өндүрүшүнүн субъекттери бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режимин колдоно алары түшүндүрүлдү. КР Салык кодексине ылайык, ал киреше салыгынын, сатуу салыгынын жана КНСтин ордуна төлөнөт. Ставка 0,25 %ды түзөт. 2025-жылдын сентябрына карата бул система боюнча 4167 субъект катталган.

• Социалдык чегерүүлөр. Көптөгөн убактылуу жумушчулары бар цехтер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин жөнөкөйлөтүү жолдору талкууланды:

- 50 жана андан көп кызматкерлери бар юридикалык жактар үчүн — айлык орточо эмгек акынын 40%дан 12%ы ;

- кызматкерлеринин саны 49га чейин болгон юридикалык жактар үчүн — 12,25 %;

- тейлөөчү кызматкерлери бар жеке ишкерлер үчүн — 12% дан 40% га чейин;

- патент боюнча иштеген жеке ишкерлер үчүн — ушул эле ставка патент жана полистин баасына киргизилет.

Ошондой эле тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер кызматкерлери үчүн киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча (STI-161 формасы) ай сайын отчет тапшырууга милдеттүү экени белгиленди. Бул үчүн тиешелүү салык органына кайрылып, «Тигүү өндүрүшү боюнча жеке ишкер» тарифин алууга арыз берүүсү керек.

Үйдө иштеген тигүүчүлөр үчүн патенттик система иштей берет: салыктын базалык суммасы 30 күн үчүн 700 сомду түзөт.