Сүрөт ачык булактардан алынды
9 сентябрь
Кыргызстанда балык тоютун импорттоого жарым жылга чектөө киргизилди
2026-жылдын 10-сентябрынан тартып Кыргызстандын аймагына балык тоюттарын импорттоого 6 айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилип жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта бул чара ата мекендик балык тоюттарын өндүрүүнү колдоо жана өнүктүрүү, аквакультура тармагын стимулдаштыруу жана ички рыноктун импорттук продукцияга болгон көз карандылыгын азайтуу максатында көрүлүп жаткандыгы айтылат.
Учурда Кыргызстанда балык тоюттарын өндүргөн 4 завод иштеп, жылына 70 миң тоннага чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
