Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
9 сентябрь
Пакистандан ташылып келаткан 19,6 тонна жүк Кыргызстанга киргизилген жок
Бүгүн, 9-сентябрда Пакистан Республикасынан импорттолуп келген 18 900 кг күрүч жана 745 кг куркума «Кең-Сай» фитосанитардык көзөмөл өткөрмө пунктунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Аталган жүктү текшерүү учурунда жүктүн таңгагында милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталды.
Фитосанитардык талаптар сакталбагандыгына байланыштуу жалпы салмагы 19 645 кг болгон жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбей, артка кайтарылды.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу коргоо жана карантин департаменти мамлекеттик чек арада фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантууда.
