Азамат Осмонов аймактагы иштебей турган өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
25 февраль

Азамат Осмонов аймактагы иштебей турган өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов аймактагы иштебей турган өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө пайдаланылбай жаткан өндүрүш аянттарын экономикалык жүгүртүүгө тартуу маселелери талкууланды. Облуста өнөр жай багытындагы жер тилкелери, инженердик жана транспорттук инфраструктурасы, ошондой эле ыңгайлуу жайгашуусу бар объекттердин саны кыйла экендиги белгиленди. Ошол эле учурда инвесторлор даяр индустриалдык аянтчалардын тартыштыгына дуушар болууда, бул айыл чарба жерлерин трансформациялоону талап кылып, долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтүн узартууда.

Ушуга байланыштуу иштебей турган ишканалар аймакты кайра индустриалдаштыруунун негизги ресурсу катары каралууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттин максаты менчикти тартып алуу же кайра бөлүштүрүү эмес экенин баса белгиледи. Өкүлчүлүктүн аппараты диалогдун демилгечиси жана ачык-айкындуулуктун кепилдиги болуп, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө менчик ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого даяр экенин билдирди.

Менчик ээлерине инвесторлор менен кызматташуунун ыктыярдуу механизми сунушталды. Ал ижарага берүү, биргелешкен ишкана түзүү, үлүш сатуу же активди толук сатуу сыяктуу мүмкүн болгон кызматташуу формаларын бекемдөөнү карайт. Өз ара аракеттенүү кызматташтык тууралуу меморандумдун негизинде, зарыл болгон учурда келишимдик тартипте жол-жоболоштурулат.

Демилгенин ишке ашырылышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө, салык түшүүлөрүн көбөйтүүгө, айыл чарба жерлерине болгон жүктү азайтууга жана Чүй облусунда даяр индустриалдык аянтчалардын тизмесин калыптандырууга шарт түзөрү күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында Осмонов демилге толугу менен ыктыярдуулук жана өнөктөштүк принциптерине негизделгенин, анын башкы максаты ишканаларды жандандыруу жана аймактын экономикасын өнүктүрүү экенин белгиледи.