Wildberries маркетплейсинде «Кыргызстанда жасалган» бөлүмү ачылат
Ата мекендик продукцияны Россия рыногуна илгерилетүү максатында «Кыргыз Экспорт» борбору менен «ВБ Кейджи» ЖЧКсы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту.
Негизги багыттардын бири катары Wildberries маркетплейсинде кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы жайгаштырылуучу «Кыргызстанда жасалган» аттуу атайын бөлүмдү түзүү каралган.
Бул демилге төмөнкүлөргө багытталган:
- ата мекендик товарлардын таанымалдыгын жогорулатууга;
- экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө;
- кыргыз продукциясынын россиялык керектөөчүлөргө жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө.
