Тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды
24 февраль

Тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды

Бүгүн, 24-февралдагы Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин учурдагы ишмердүүлүгү жана энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча келечектеги пландары тууралуу маалымат угулду.

Аталган маселе боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраев баяндама жасап, ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүнө учкай токтолду. Анын айтымында, учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын куруу иштери уланууда. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун даярдык этабы ишке ашырылып, анын алкагында инфраструктуралык объекттер курулууда жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен техникалык-экономикалык негиздеме жаңыланууда.

«Бүгүнкү күндө 15 инвестициялык келишимдин ичинен күн жана шамал электр станцияларын долбоорлоо жана куруу боюнча 5 инвестор курулуш иштерин баштады. Мындан тышкары, калктуу конуштарды газдаштырууну кеңейтүү, инфраструктураны модернизациялоо жана жеңилдетилген шартта газга туташуу программаларын ишке ашыруу уланууда», – деди Таалайбек Ибраев.

Талкуу маалында депутат Эркинбек Исеналиев Кемин районунун калкын газ менен камсыздоо керектигин белгилеп, бардык калктуу конуштарга жаратылыш газына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү электр энергетикалык системага түшкөн жүктү азайтарын жүйө келтирди. Ал эми эл өкүлү Темирлан Айтиев энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү максатында кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү маселесин ортого салды.

Муну менен катар депутат Улукбек Карыбек уулу өткөн жылдын октябрь-ноябрь айларында газ керектөөнүн төлөмдөрү кескин жогорулап кеткенине байланыштуу шаар тургундарынын кайрылууларына токтолду. Эл өкүлү маселенин социалдык маанисин эске алып, түзүлгөн жагдайга жол берген жооптуу адамдардын жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү.

Өз кезегинде «Газпром» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Азамат Алдаяров 2025-жылдын аягында серверге ашыкча жүк түшкөндүктөн телеметриялык сигналдарды иштетүүдө мүчүлүштүк кеткенин билдирип: 

«Бүгүнкү күндө техникалык көйгөй толугу менен жоюлду», – деди.

Депутат Медербек Саккараев тарифтик саясат жана 2030-жылга чейинки электр энергиясынын баасына карата божомол тууралуу маселеге көңүл бурду. Министр Таалайбек Ибраевдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-майынан тартып тариф 1 кВт\саат үчүн 1,64 сомду түзөт, ал эми 2030-жылга карата 3,40 сомго жетет. Ошондой эле быйылкы жылдын 1-майынан тартып коммерциялык керектөөчүлөр үчүн түнкү тариф киргизилип, ал 1,25%га арзан болот.

Андан тышкары, депутат Бахридин Шабазов Ысык-Ата районунун Дружба айылындагы электр берүү линияларын алмаштырууну сунуштаса, эл өкүлү Талайбек Масабиров коммерциялык жоготууларды кыскартуу жана электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системаларын киргизүү боюнча сөз кылды. Депутат Рахат Жунушбаева өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгынын учурдагы абалына кызыгып, энергетикалык кризистен чыгуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу суроо узатты.