Кыргызстанда эмгек мигранттарын ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу боюнча санариптик кызматтар ишке киргизилди
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө эмгек мигранттарын ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу боюнча санариптик кызматтар ишке киргизилгендиги тууралуу маалымдайт.
Эми чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга барбастан, аралыктан электрондук камсыздандыруу полисин тариздей алышат.
Кызматты алуу үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесине катталуу зарыл. Катталуу уюлдук телефондун номерин колдонбостон эле жүргүзүлөт.
Каттоодон өткөндөн кийин салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү «Түндүк» платформасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу жүзөгө ашырылат.
Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн үч тарифи жеткиликтүү: 10%, 8% жана 2%.
Колдонуучу өзүнө ылайыктуу вариантты тандап, электрондук камсыздандыруу полисин тариздеп, аны Visa, Mastercard же «Элкарт» банк карталары аркылуу онлайн төлөй алат.
Зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтык системалары менен интеграциялоо аркылуу автоматтык түрдө текшерилет.
Бул кызмат Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Түндүк» ачык акционердик коомунун «Өкмөттүк акселераторлор» аттуу 100 күндүк программанын алкагындагы биргелешкен ишинин жыйынтыгында ишке киргизилди.
Жаңы кызмат эмгек мигранттарына кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзөт.
