Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Чуй облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 1 804,4 млн сом каржылады
15 сентябрь

Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Чуй облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 1 804,4 млн сом каржылады

Чуй облусу боюнча 2025-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 1 637,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

1. Теңдөөчү трансферт – 85,9 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 12,8 млн сом;
3. Электр энергияга 50% компенсация – 1,5 млн сом;
4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 11,3 млн сом;
5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 1 201,9 млн сом;
6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого – 9,3 млн сом;
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык – 150,7 млн сом;
8. Чуй облусунун шаарларын өнүктүрүү программасына – 164,0 млн сом.

Мындан тышкары, Чуй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 166,9 млн сом бөлүнүп берилди.

Жалпы – 1 804,3 млн сом