2025-жылы берилген микрокредиттердин 62% жакыны керектөө муктаждыктарына багытталды
www
31 март

2025-жылы берилген микрокредиттердин 62% жакыны керектөө муктаждыктарына багытталды

2025-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 86 млрд. сомду түздү, мында алуучулардын саны 1 685,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Маалыматка ылайык, микрокредиттерди алган калктын саны 2024-жылга салыштырганда 1,5 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү дээрлик 32%га көбөйгөн.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Бишкек ш. (алуучулардын жалпы санынын 36%дан ашыгы), Ош облусуна (13%га жакын), Жалал-Абад (11%га жакын) жана Чүй (9%дан ашык) облустарына туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 28,5%ы), Ош (15%дан ашык), Чүй (14%га жакын) жана Жалал-Абад (14%га жакын) облустарынын алуучуларына берилди.

Тармактык түзүмдө берилген микрокредиттердин эң чоң үлүшү мурдагыдай эле керектөө муктаждыктарына туура келди (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 62%га жакыны). Айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүү чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 15%ы, соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө - 10%дан ашык түздү.