Кыргызстанда 21,5 миңден ашуун юридикалык жактар жана жеке ишкерлер бар
Мамлекеттик салык кызматы иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жол-жобосун жүргүзүүнү улантууда.
Бул иш-чаранын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында иштебеген юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин жаңы тизмеси жарыяланды.
Аталган тизмеде жалпы 21 584 салык төлөөчү, анын ичинде 8 712 юридикалык жак жана 12 872 жеке ишкер бар.
Тизме аймактык салык органдарына ал расмий жарыяланган учурдан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берилет.
Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, тиешелүү негиздери же талаш маселелери жаралган учурда мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен салык органдарына кайрылууга укуктуу.
Салык төлөөчүлөр бул тизме менен Мамлекеттик салык кызматынын (sti.gov.kg) расмий сайтындагы «Башка бөлүмдөр» бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/
