Ат-Баши этти кайра иштетүү ишканасы иштеп жатат
1 ноябрь

Ат-Баши этти кайра иштетүү ишканасы иштеп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти Ат-Башы районундагы «Ат-Башы эт комбинаты» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бул – этти жана эт азыктарын кайра иштетүү менен алектенген райондогу жападан жалгыз ишкана. Ишкана эт консервалары, жогорку сорттогу тушёнка (як, уй, жылкы, тоок), консерваланган ботколор, ышталган эт жана майда балык өндүрөт.

Бардык продукциялар сапат талаптарына жооп берет жана тиешелүү сертификаттарга ээ.

Ишкананын суткалык өндүрүшү – фрикаделька 300–500 кг, пельмень 500–1000 кг.

Жылдык өндүрүш көлөмү: як эти – 40 т, жылкы эти – 20 т, говядина – 720 т. Жалпысы менен айына 60 т уй эти кайра иштетилет.

«Ат-Башы эт комбинаты» продукциянын сапатына кепилдик берип, каалоочулар үчүн үлгүлөрдү сунуштоого даяр.