Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду
2026-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасында расмий иш сапары менен келген Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кипр мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда киреше салыктарына карата кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Түзүлүп жаткан Макулдашуунун негизги максаты – эки өлкөдөгү чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Белгилеп кетүүчү жагдай: кош салык салууну четтетүү боюнча макулдашуулар Кыргыз Республикасынын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралат.
Мындан тышкары, документ бир мамлекеттин резиденттерин экинчи макулдашкан мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктан качуунун жана Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдалануунун алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.
