Кыргызстан ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун келечегин талкуулады
Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Соода жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин 25-жыйыны жана Директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты.
Жыйындардын жүрүшүндө Банктын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2026-жылга карата бюджети, Экономикалык кызматташтык уюмунун аймагындагы келечектүү долбоорлорду каржылоо маселелери, ошондой эле Банктын ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер каралды.
Өз сөзүндө министрдин орун басары Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтык мүчө мамлекеттердин эгемендүү тең укуктуулугуна, өз ара урматтоосуна жана өнөктөштүгүнө негизделерин белгиледи. Ал Соода жана өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгү аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, аймак ичиндеги кызматташтыкты чыңдоого, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашыруу менен биргелешкен долбоорлорду колдоо аркылуу мамлекеттердин дүйнөлүк экономикага этап-этабы менен интеграцияланышына көмөктөшүүгө багытталганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Медербек Туманов экономикалык өсүштү камсыз кылууда, экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартууда жана стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууда өнүктүрүү банктарынын жана башка өнүктүрүү институттарынын маанилүү ролун белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүнө ишеним артат.
