Кыргызстан менен Италиянын бизнес байланыштары кеңейүүдө
Кыргызстан менен Италиянын бизнес байланыштары кеңейүүдө, деп кабарлайт Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы.
Маалыматка ылайык, Рим шаарында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Иран жана Экономикалык кызматташтык уюмуна (ECO) кирген өлкөлөр боюнча Италиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке КР СӨПүнүн атынан Палатанын вице-президенти Мамасадык Бакиров Италия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында кол койду.
Меморандум эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн түз байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында коммерциялык маалымат алмашуу, бизнес-миссияларды жана B2B жолугушууларды уюштуруу, компаниялардын көргөзмө-жарманкелерге катышуусуна көмөк көрсөтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу каралган.
Максат — жаңы байланыштарды конкреттүү бизнес-долбоорлорго айландыруу.
