Кыргызстан БУУнун ЭСКАТОсунун Кагазсыз соода боюнча кеңешин үчүнчү жолу катары менен жетектеди
2026-жылдын 8-июнунда Бангкок шаарында өткөн Кагазсыз соода боюнча кеңештин V сессиясында Кыргыз Республикасы үчүнчү жолу катары менен Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен кабарлашты.
Кеңеш төрагасынын орун басары болуп Монголия тандалды.
Бул чечим мүчө мамлекеттердин Кыргызстанга болгон жогорку ишенимин жана өлкөнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү жана кагазсыз сооданы өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан реформаларынын эл аралык деңгээлде таанылганын көрсөтөт.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз делегациясы соода процесстерин санариптештирүү, кагазсыз сооданын улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана административдик тоскоолдуктарды кыскартуу багытындагы жетишкендиктерди сунуштады.
Кыргызстан мындан ары да аймактык санариптик күн тартибин илгерилетүүгө жана Азия-Тынч океан аймагындагы кызматташтыкты чыңдоого активдүү салым кошот.
