Таластык фермер эт багытындагы тооктун санын 500 миңге жеткирүүнү көздөөдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 август

Таластык фермер эт багытындагы тооктун санын 500 миңге жеткирүүнү көздөөдө

Талас облусунун Манас районунун тургуну Рахматжан Сатыбалдиев учурда эт багытындагы 5000ден ашуун жөжө багып жатат.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, ал чарбасын кеңейтүү үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан жер сурап кайрылган. Бүгүнкү күндө жерди трансформациялоо иштери жүрүүдө.

Жер маселеси чечилип калса, эт багытындагы тооктун санын 500 миңге жеткирүүнү көздөөдө. Даяр продукция ишкердин өзүнүн эле колбаса цехинде колдонулат.

Тоок фермасы чоңое турган болсо, ишкер 500гө жакын кишини иш менен камсыздайт.