Бишкекте "АгроТехЭкспо-2025" көргөзмөсү өтөт
Бишкекте республикалык “АгроТехЭкспо-2025” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара салтка айланып калгандай эле Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 17синен 19-октябрга чейинки аралыкта өтөт.
Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көрсөтүлүп, жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан сатылат.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө ири өлчөмдө арзандатуулар болот жана өзүңөр каалаган техниканы, жабдууларды жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг кызматын жана насыяларды пайдалана аласыздар.
