Сокулук районунда жаңы күнөсканалар ишке киргизилет
Сокулук районунун Студенческое айылында КНАУ тарабынан Корея Республикасынын колдоосу менен грант эсебинде «Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн инфраструктура түзүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында 9 күнөсканадан турган комплекстин курулуш иши башталып, жакынкы күндөрү ачылуу алдында турат.
Объекттин баасы 3 млн 485миң АКШ долларын түзүп, курулушту Корея Республикасы каржылоодо. Жалпы аянты 8 гектарды түзгөн күнөсканаларда помидор, пияз жана калемпир өстүрүлүп, алгач ички рынокко, кийинки этапта Борбордук Азия жана Корея Республикасына экспортко чыгарылат.
Жаңы комплекс 30дан 50гө чейин адамды жумуш менен камсыз кылат. Долбоордун максаты – үрөндүн сапатын жогорулатуу, айыл чарбадагы жаңы технологияларды киргизүү жана студенттерге тажрыйбалык билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
Андан тышкары, заманбап кургатуучу жабдыктар менен жабдылган төрт кампалык жай, студенттер билим алуу үчүн атайын окуу бөлмөлөрү жана жатаканалар курулду.
Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А.Ташкулов долбоордун иши менен жеринде таанышып, бул аймактагы айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.
