Жалал-Абадда эттин баасы 770 жана 880 сомдон ашпоосу керектиги эскертилди
Жалал-Абад облусуну наймагында эттин баасына мониторинг жүргүзүү жана анын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер күчөтүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Учурда райондук мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар тарабынан базарлардагы жана соода түйүндөрүндөгү эттин бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, касапчылар, соодагерлер жана эт сатуучу жайлардын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 2026-жылдын 21-августунан тартып уй этинин 1 килограммынын баасы 770 сомдон, кой этинин баасы 880 сомдон ашпоого тийиш экендиги боюнча тиешелүү чектөө коюлган.
Анын негизинде жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан алып-сатарлыкка, бааны негизсиз жогорулатууга жана монополиялык көрүнүштөргө жол бербөө максатында кыдыруу, түшүндүрүү жана көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп жатат.
