Токтогул ГЭСин реабилитациялоо жана модернизациялоо иштери 94% аткарылды
Өлкөнүн эң ири энергетикалык объектиси болгон Токтогул ГЭСинде реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери ырааттуу түрдө улантылып жатат.
Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин 94% аткарылып бүттү. ГЭСтин акыркы гидроагрегатын ноябрда ишке киргизүү үчүн учурда тынымсыз иштер жүрүп жатат.
Аткарылып жаткан иш-чаралардын негизги максаты — станциянын кызмат мөөнөтүн узартуу, орнотулган кубаттуулугун 1200 МВттан 1440 МВтка чейин көбөйтүү, ошондой эле заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү болуп саналат.
Долбоор үч фазанын негизинде ишке ашырылууда.
ФАЗА II — Гидромеханикалык жабдууларды жаңылоо.
Бул фазанын алкагында иштерди ZMEC (Кытай Эл Республикасы) жана SMP (Корея Республикасы) консорциуму жүргүзүүдө.
Аталган фаза боюнча гидромеханикалык жабдууларды жана затворлорду реабилитациялоо иштери уланууда.
ГЭСтин бардык гидроагрегаттары боюнча негизги иштер ийгиликтүү аяктады.
Азыркы учурда терең суу таштоочу түзүлүштөрдө жана плотинанын гребенинде монтаждоо, антикоррозиялык иштетүү жана тазалоо иштеринин акыркы этабы жүргүзүлүүдө.
ФАЗА III — Гидроагрегаттарды толук алмаштыруу
Бул фаза боюнча иштерди GE Hydro France жана GE Renewable компаниялары аткарууда.
Төрт гидроагрегаттын үчөө толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди.
Азыркы учурда төртүнчү — ГА-3 агрегатын жаңылоонун акыркы баскычы жүрүп жатат. Иштер графикке ылайык 2025-жылдын ноябрь айында жыйынтыкталат деп күтүлүүдө.
Ошондой эле өрттөн коргоо, жарыктандыруу, дренаждык системалар жана башка жардамчы жабдууларды жаңылоо иштери да активдүү жүргүзүлүүдө.
ФАЗА III — Плотинаны мониторингдөө системасын орнотуу
Бул компонент боюнча иштерди ZPT–ZGC–SMP консорциуму ишке ашырууда.
Даярдоо жана монтаждоо иштеринин негизги бөлүгү аяктады.
Мониторинг системасы үчүн керектүү жабдуулар жана материалдар объектке жеткирилди.
Учурда бетон иштери жана өлчөөчү пункттарды даярдоо жумуштары жүрүүдө.
Бул иштердин жыйынтыгы менен Токтогул ГЭСинин өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү кеңейип, анын ишенимдүүлүгү жогорулайт. Натыйжада ГЭСтин Кыргызстандын энергетикалык системасындагы негизги туруктуулукту камсыздоочу ролу мындан ары да бекемделет.
