Каракол шаарында «Евразия жүрөгүнө саякат: аялдардын көз карашы» аттуу форумуна катышты.
7 июль

Каракол шаарында «Евразия жүрөгүнө саякат: аялдардын көз карашы» аттуу форумуна катышты.

Туризм фонду «Евразия жүрөгүнө саякат» эл аралык экспедициясынын алкагында Каракол шаарында «Евразия жүрөгүнө саякат: аялдардын көз карашы» аттуу форумуна катышты.

Форумда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан Айжан Амангельдиева катышып, Кыргызстандагы туризм тармагындагы ишкерлердин 50%дан ашыгы аялдар экенин белгилеп, туризм аялдар үчүн ийкемдүү жана жеткиликтүү тармак болуп калганын белгиледи.

Катышуучулар аялдардын ишкердикке багыт алган жолундагы негизги тоскоолдуктарды жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Талкуунун негизги багыттары төмөнкүлөр болду:

– электрондук соода аркылуу өнүгүү
– үй-бүлө менен ишкердиктин ортосундагы тең салмак
– бизнес-билимге жеткиликтүүлүк
– мамлекеттик жана эл аралык колдоо
– аялдар коомчулугунун ролу жана ийгилик тарыхтары

Форум Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Россиядан келген туризм, креативдүү индустриялар, билим берүү, электрондук соода жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн чогултту.