Бейшенбек Ишенов: Түркия Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө ишенгендиктен карызын кечти
Кыргызстан-Түркия-Венгрия кызматташтыгы боюнча пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Бейшенбек Ишенов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
"Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Анда түрк президенти Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечкенин билдирди.
Түрк мамлекетинин мындай берешендигин эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусунун жаңы деңгээлге чыгышы жана бир туугандык мамиле катары кабыл алсак болот. Ошол эле маалда түрк тараптын кызыкчылыгын да жокко чыгаруу мүмкүн эмес.
Эрдогандын мамлекеттик сапары саясий – экономикалык жактан көп багыттын башталышы болуп берет. Анткени, дээрлик 59 миллион доллар карызды кечип салууга ар бир өлкө бара бербейт, рынок шартында мындай кадам жөн жерден жасалбайт. Демек, бул жерде экономикалык кызыкчылык жатат жана эки өлкөнүн экономикалык байланышынын келечеги бардыгын билдирет.
Менимче, Эрдогандын бизге карата көз карашы жакшы жана өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө ишенимдүү болуп, дагы да инвестиция алып келүү ою бар. Муну биз колдоого алышыбыз керек. Анткени, Түркия өнүгүүсү жана калкынын саны боюнча Европанын көп өлкөлөрүн артка калтырат. Эгерде алар менен биргеликте фармацевтикалык завод куруп алсак - жергебизде абдан пайдалуу, дүйнөлүк рынокко чыгарууга боло турган чөптөр бардыгы маалым - биз утушка ээ болуп, Европа рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз".