Ош облусунда жаңы соода-логистикалык борбор курулууда 
3 сентябрь

Ош облусунда жаңы соода-логистикалык борбор курулууда 

Ош облусунда “Азия Органикс” ишканасы тарабынан Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 1000 тонна мөмө-жер жемиштерди сактоого жана шоктук тоңдурууга ылайыкташкан соода-логистикалык борбордун курулушу башталып, бүтөөрүнө аз калды.

Долбоордун жалпы баасы 28 млн сомду түзүп, каржылоо Дүйнөлүк банктын “Ош шаарын жана Ош облусун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Учурда борбордун курулуш жана тиешелүү документация иштерин аткаруу жүрүп жатат.

Жаңы борбор аймактагы айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп, түшүмдү жоготпостон сактоого, сапаттуу логистикага жана ички-тышкы рынокко чыгууга шарт жаратат.




Маалымат үчүн: Жаңы соода-логистикалык борбор ишке берилген соң, фермерлердин продукциясы узак мөөнөт сакталып, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.