“Абдрашит Ата” асыл тукум чарбасы биогумус өндүрүү жана сүттү кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууда
2025-жылдын 11-ноябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагындагы Кызыл-Тал айылында жайгашкан “Абдрашит Ата” асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сапардын жүрүшүндө министр чарбанын биогумус өндүрүү иштери, ошондой эле сүттү кайра иштетүүчү цех куруу боюнча долбоору менен кеңири таанышты.
“Абдрашит Ата” асыл тукум чарбасы 2023-жылдын 27-декабрында Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөн. Чарбанын негизги ишмердүүлүгү сүт багытындагы бодо малды кармоо жана сүт өндүрүү.
Бүгүнкү күндө чарба жылына 300 тоннадан ашык чийки сүт өндүрүп, аймактагы ири сүт жеткирүүчүлөрдүн бири болуп саналат.
“Абдрашит Ата” фермердик чарбасынын инфраструктурасына төмөнкүлөр кирет:
- 2000 м² аянттагы сарай, КРС багууга ылайыкталган;
- Өндүрүштүк аймак;
- «Ёлочка» үлгүсүндөгү саач аппараты – сүттү эффективдүү чогултуу үчүн;
- Сүт муздаткыч танкери – продукциянын сапатын сактоо үчүн;
- Кормо тараткыч, скрепер, авто поилкалар – малды тейлөө процессин автоматташтыруучу жабдуулар;
- КРС үчүн атайын төшөктөр (маты) – жаныбарлардын жайлуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.
Ишканага 200 миң доллардан ашык жеке инвестиция салынган.
“Абдрашит Ата” чарбасы 35 миллион сомдук долбоордун алкагында:
- 2 ЮТО тракторун,
- 2 ХОВО жүк ташуучу унаасын,
- жана 57 баш Монбельярд породасындагы сүт багытындагы уруктуу уйларды (европалык келип чыгыштагы) сатып алууну пландаштырууда.
Мындан тышкары, чарба “Евроферма жана сүттү кайра иштетүү” багытындагы кошумча чынжырдын лидери болуп саналат.
ЦДСке (Чынжыр кошумчалуу нарктын) 6 катышуучу фермер кирет, алардын ичинен 3 кооператив юридикалык жак катары катталган.
Бул кооперативдерге ОАО “Мамлекеттик финансылык холдинги” тарабынан 50 миллион сом каражат бөлүнүп, Монбельярд породасындагы уйларды сатып алуу каралган.
Калган 3 фермер боюнча 6 миллион сомдук каражаттын төлөө жөндөмдүүлүгү азыркы учурда холдинг тарабынан анализденүүдө.
«Айыл чарбасында заманбап технологияларды колдонуу жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү – экономиканын өсүшүнүн маанилүү кыймылдаткычы. “Абдрашит Ата” сыяктуу еврофермалар аймактык өндүрүштү өнүктүрүү менен бирге, фермерлерге үлгү болууда», – деди министр Бакыт Төрөбаев.
