Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүктүн баасына мониторинг
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 24-сентябрында азык-түлүк товарларына болгон баалар боюнча Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан) салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Кыргызстандагы баалар
Өлкө ичинде жашылча-жемиштердин, айрыкча сабиз, пияз жана картошканын бааларынын төмөндөгөнү байкалууда.
- жумуртка – 97,5 сом
- картошка – 39,7 сом
- буудай уну (1-сорт, жергиликтүү) – 35 сом
- кумшекер – 76,6 сом
- макарон (спагетти) – 73,3 сом
- нан азыктары – 95,9 сом
- өсүмдүк майы – 151,6 сом
- сабиз – 49,4 сом
- пияз – 32,5 сом
- күрүч – 142,7 сом
- кой эти – 673,4 сом
Казакстандагы баалар
- өсүмдүк майы – 176 сом
- пастерленген сүт – 104,6 сом
- кой эти – 716,5 сом
- картошка – 32,8 сом
- кумшекер – 93,7 сом
- уй эти – 761,3 сом
- пияз – 26,5 сом
- макарон (вермишель) – 91,2 сом
- жумуртка – 108,4 сом
- сабиз – 34,6 сом
Россиядагы баалар
- жумуртка – 120,2 сом
- уй эти – 672,3 сом
- буудай уну (1-сорт, жергиликтүү) – 49,3 сом
- өсүмдүк майы – 165,6 сом
- нан азыктары – 135,2 сом
- картошка – 68 сом
- пияз – 59 сом
- сабиз – 61,5 сом
- каймак май – 881 сом
- кой эти – 810 сом
- кумшекер – 76,7 сом
- күрүч – 168,4 сом
- макарон (вермишель) – 97,6 сом.
