Талас облусунда “Пионер” жүгөрүсүнүн түшүмү рекорддук деңгээлде болду
26 сентябрь

Талас облусунда “Пионер” жүгөрүсүнүн түшүмү рекорддук деңгээлде болду

Талас облусунун Айтматов районундагы дыйкандар Америкадан алынып келинген “Пионер” сортундагы жүгөрүнү эгип, быйыл рекорддук түшүм алышууда.

Быйыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, бир гектар жерден 10 тоннадан ашык дан алынууда — бул буга чейинки көрсөткүчтөрдөн бир нече эсе жогору.

Мурда жүгөрү негизинен силос катары колдонулуп келсе, азыр дан үчүн да чоң көлөмдө эгиле баштады. Бул жаңы сорттун негизги өзгөчөлүгү — ал бат бышып, кургашы оңой, ошондой эле климаттык шарттарга чыдамдуу болушунда.

Дыйкандардын жетишкендигине Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги да салым кошкон. Алар министрликтин колдоосу менен 6%дык жеңилдетилген насыя аркылуу көп функционалдуу комбайн сатып алышкан. Бул техника буудайды гана эмес, башка дан эгиндерин да оруп-жыйноого ылайыкташкан.

Аймактагы дыйкандар мол түшүм алып, экономикалык жактан да олуттуу ийгиликке жетишип жатышат. Келерки жылы айдоо аянтын көбөйтүүнү пландап жатышканын да билдиришти.