Эшатов: Мунайдын кымбатташы экономиканын башка секторлоруна да кымбатчылык алып келет
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы 2 сомдон 2,5 сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Нефтетрейлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.
Айтымында, мунайга болгон баанын жогорку наркы – Бишкекте. Бирок алыскы аймак болуп эсептелген Баткенде Бишкектеги баага салыштырмалуу 3-3,5 сомго кымбат.
“Биздин компаниялар кышында запасты көбөйтүп алууга аракеттеништи. Учурда орто эсеп менен 2-2,5 айга жетерлик кору бар. Бирок эң көйгөйлүу маселе – бул баалардын жогорулашы болуп турат. Мисалы, Кыргызстанда ички керектөөнү жапканга 45-50 тонна дизель керектелсе, жазгы айдоо иштеринде 65-70 тоннага жетет. Быйыл жазгы айдоо иштери 10 күнгө эрте башталды”, - деди Эшатов.
Ошондой эле Канатбек Эшатов белгилегендей, мунайдан жер семирткичтердин да көп түру жасалат. Ошондуктан анын баасынын өсүшү бир гана күйүүчү-майлоочу майдын наркынын жогорулашына гана алып келбей, экономиканын башка секторлорунда дагы кымбаттоо болушун шарттайт.
“Мисалы, мунай бир сомго жогоруласа, экономиканын башка секторлорунда баа 3 сомдон 5 сомго чейин жогуралышы мүмкүн”, - деди ал.
