Уран Сыдыгалиев: Кыргызстандык мигранттар Россия экономикасына миллиарддаган салым кошушууда
7 июль

Уран Сыдыгалиев: Кыргызстандык мигранттар Россия экономикасына миллиарддаган салым кошушууда

Экономикалык эксперт Уран Сыдыгалиев Кыргызстан-Россия кызматташтыгынын экономикага тийгизчү таасирлери тууралуу пикирин Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Эске салсак, 2-июлда президент Садыр Жапаров Россияга жумушчу сапар менен барган.

«Акыркы убакта эки өлкө ортосунда соода-сатык көлөмү, инвестициялар көлөмү өсүүдө. Кыргызстанда Россия менен иштеген миңден ашуун субъектилер бар. Биз убагында бир мамлекет болгонбуз, ошондон улам карым-катыш тыгыз бойдон калды», – дейт эксперт.

Айтымында, Кыргыз өлкөсүн көп жылдан бери күйүүчү май, курулуш материалдары жана темир-тезек менен Россия камсыздандырып келет. Акыркы эки жылда Кыргызстан дагы айрым тармактар боюнча орус жергесине болгон экспортунун көлөмүн көбөйтө алды. Мисалы, айыл чарба, жеңил өнөр жай продукцияларын.

«Мигранттар – эмгек ресурсу да бул чоң маселе. Жыл сайын Россиядан кыргызстандык мигранттардын мекенени которгон каражатынын суммасы айтылат: 2 миллиард, 2,4 миллиард, 2,8 миллиард. Анализдей келгенде, бул сумма ошол кыргызстандык мигранттардын Россия экономикасына кошуп жаткан салымын да көрсөтүп турат. Алар бизге алган маянасын салат. Мисалы, 10 пайыздан 80 пайызга чейин кеткен чыгашаларды түзөт. 80 пайыз соода-сатык болсо, өндүрүш 10-15 пайыз. Ошондо, болжол менен 2,5 миллиардды бул жакка салса, Россияга кеминде 5 миллиарддык салым кошуп жатышат», – деди Уран Сыдыгалиев.