Жалал-Абадда 6 килограммга чейинки балык өстүрүүчү заманбап кластер түзүлүүдө
7 март

Жалал-Абадда 6 килограммга чейинки балык өстүрүүчү заманбап кластер түзүлүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусундагы «Салих и Ко» ишканасына иш сапары менен барып, ишкананын ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө министрлик тарабынан балык чарбасын өнүктүрүү багытында ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Ошондой эле ишкананын базасында балык чарбасын өнүктүрүү боюнча фермерлерди окутуп-үйрөтүүчү атайын борбор түзүлгөнү маалымдалды. Бул борбор ишке киргенден кийин Министрликтин Балык чарба департаменти менен биргеликте фермерлер үчүн семинарлар жана окуулар уюштурулуп турмакчы.

«Салих и Ко» ЖЧКсы Жалал-Абад облусунда балыкты өстүрүүдөн тартып аны кайра иштетүү жана экспортко чыгарууга чейинки толук циклди камтыган заманбап балык кластерин түзүү боюнча ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууда.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестицияларды колдоо жана агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясатынын алкагында ишке ашырылып жатат. Президенттин колдоосу менен Айыл Банк тарабынан 5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүнүп, долбоорду ишке ашырууга шарт түзүлгөн.

Долбоордун жалпы баасы 11 826 897 АКШ долларын (1,03 млрд сомдон ашык) түзөт. Анын ичинен 6 826 898 доллар (57,7%) ишкананын өз каражаты болсо, 5 000 000 доллар (42,3%) кредиттик каражаттар болуп саналат.

Долбоордун алкагында төмөнкү негизги объекттер курулууда:

  • Курпсай суу сактагычындагы 23 гектар аянттагы 100 садоктон турган балык чарбасы. Бул жерде 2030-жылга чейин жылына 5 миң тоннага чейин форель өстүрүү пландалууда.
  • Сузак районунун Кумуш-Азиз айылындагы 8 гектар аянттагы осетр балык чарбасы. Бул жерде жылына 270 тонна осетр өстүрүлүп, 1 тонна азыктык кара икра өндүрүлөт.
  • Аянты 2100 чарчы метр болгон балыкты кайра иштетүүчү завод. Анын жылдык өндүрүш кубаттуулугу 5 миң тоннага чейин болуп, анда өндүрүш жана шоктук тоңдуруу линиялары орнотулат.