Ысык-Ата районунда премикс өндүрүш линиясы жана сояны экструдиялоо цехи ишке берилди
7 июль

Ысык-Ата районунда премикс өндүрүш линиясы жана сояны экструдиялоо цехи ишке берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев «ЭлДан Аталык» агрардык өнөр-жай комплексинин Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы Премикс өндүрүш линиясы жана сояны экструдиялоо цехинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

«ЭлДан Аталык» айыл чарбадагы канаттуулар жана малдар үчүн жогорку сапаттагы премикстерди өндүрүүчү линияны, ошондой эле соя майын жана кебегин чыгаруу үчүн ЦЭС (Сояны Экструдиялоо Цехи) ишке киргизилген иш-чарада Бакыт Төрөбаев белоктун курамы 44%га чейин, майы 6%га чейин болгон соя кебегин өндүрүү болжол менен 400 жүз миллион сомдон ашык, жылына 10 миң тоннага жакын сояны жергиликтүү дыйкандардан сатып алуу жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканын билдирди.

Бакыт Төрөбаев: Бул долбоорлордун негизги максаты – витамин-минералдык кошулмаларды жана концентратталган тоюттарды өндүрүүдө керектелүүчү курамдык бөлүктөрдү жергиликтүү өндүрүштө камсыз кылуу. Мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу курулуп жатат. Бул жаңылык, – деп белгиледи министр.

Премикс өндүрүү линиясы төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

• Айына 500 тонна премикс чыгаруу;
• Автоматташтырылган 22 компонентке чейин кошуу мүмкүнчүлүгү;
• Кардарлардын муктаждыгына ылайык жеке рецепттерди түзүү, минималдуу партия көлөмү – 500 кг премикс.
«Аталык» премикси – бул жергиликтүү комбикорм өндүрүшүнүн айына 50 миң тоннага чейин балансталган тоют чыгарууга жол ачат, малдын жана канаттуулардын бардык түрлөрү үчүн ылайыктуу.

«ЭлДан Аталык» премикстери Нидерландиялык “Trouw Nutrition” компаниясынын тажрыйбалуу зоотехниктеринин катышуусунда иштелип чыгып, компаниясынын өз лабораториясында жана “Trouw Nutrition” лабораториясында милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтөт.