Жыл башынан бери КРда 7 МТС уюштурулган
Жыл башынан бери республикада 7 машина-трактордук станция (МТС) уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук жыйынында белгилүү болду.
Айтсак, 6 ай аралыгында мамлекеттин колдоосу менен дыйкандарга 3,6 млрд сомго 1023 техника берилип, 68 айыл чарба кооперативи түзүлгөн.
Жыйында белгилүү болгондой, республикада 90 миңден ашык айыл чарба техникасы бар.
Лизингди өнүктүрүү үчүн:
- 1,01 млрд сомго техникаларды сатып алуу боюнча тескеме кабыл алынды;
- Ислам Өнүктүрүү банкы менен 45 млн АКШ долларында инвестициялык насыя боюнча келишим ратификацияланды.
Машина-трактордук станцияларды түзүүдө:
- Дүйнөлүк банктан 18 млн доллар бөлүнүп, ар райондо МТС түзүлөт;
- Президенттин фондунан 108 млн сом бөлүнүп, мамлекеттик МТС уюштурулууда.
