Министр Сыргабаев Кызыл-Кыядагы асфальт-бетон заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты
Бүгүн, 18-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна иш сапар менен барды.
Анын алкагында ведомство жетекчиси Сыргабаев Кызыл-Кыя шаарындагы асфальт-бетон заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Кошумчалай кетсек, “Кызыл-Кыя АБЗ” заводу күнүнө 800 тонна асфальт өндүрүп, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ноокат жана Араван райондорун асфальт менен камсыздайт.
