ТМУ саммити: бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Габала шаарында (Азербайжан Республикасы) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммитине катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:
- Түрк мамлекеттер уюмунун Габала декларациясы;
- “ТМУ+ (OTS Plus)” форматын баштоо жөнүндө чечим;
- ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмун бекемдөө жөнүндө чечим.
