
“Кыргызиндустриянын” базасында демонстрациялык борбор ачылды. Максаты
“Кыргызиндустрия” ААКнын базасында Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбор ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Демонстрациялык борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү берет.
Белгилей кетсек, борбор чакан бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.
Негизги максат - демонстрациялык борбордун ишин көрсөтүү, өнөктөштөрдүн демилгелерин презентациялоо, эл аралык жана ички инвестицияларды тартуу, аймактардагы чакан бизнес менен инновациялык долбоорлорду колдоо үчүн өнөктөштүк байланыштарды түзүү.
Иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” уюштурду.