Жети-Өгүз районунда үч кичи ГЭС курулууда
18 июль

Жети-Өгүз районунда үч кичи ГЭС курулууда

Жети-Өгүз районун Жаргылчак айыл аймагында энергетика тармагындагы ири инвестициялык долбоор ишке ашууда.

Аталган айыл аймагынын администрациясы тарабынан жер бөлүнүп, жалпы кубаттуулугу 16 МВт болгон үч кичи гидроэлектростанциянын курулмакчы. Бул долбоор Кыргызстандагы жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча маанилүү кадам болуп эсептелет.

Кичи ГЭСтер төмөнкү айылдарда курулат:

  • Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарында – кубаттуулугу 6 МВт болгон эки ГЭС;
  • Ак-Терек айылында – кубаттуулугу 4 МВт болгон бир ГЭС.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 16 миллион 500 миң АКШ долларын түзүп, "40 Кэпитал Траст", "ДАТТ Энерджи" жана "ИНТЕК" компаниялары тарабынан каржыланып, ишке ашырууда.

Учурда, Чоң-Жаргылчак айылындагы ГЭСтин курулуш иштери кызуу жүрүп, генераторлор орнотулчу бассейн курулууда. Бул ГЭСти куруу жана пайдаланууга берүү ОсОО “Чоң-Жаргылчак Грин Энерджи" компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Объектти ишке берүү 2026-жылга пландалууда.

Бул долбоор аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, жаштар үчүн жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү бюджетке кошумча каражат тартууга өбөлгө болот.