Кыргызстан менен Кытай жаңы көргөзмө жана соода долбоорлорун талкуулады
Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы «Синьцзян-Кытай-Азия-Европа эл аралык көргөзмө» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Компания эл аралык көргөзмөлөрдү, соода-экономикалык форумдарды уюштуруу жана Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда көргөзмөлүк кызматташтыкты өнүктүрүү менен алектенет. Атап айтканда, компания Кытайдын Синьцзян автономдуу районунун Кыргызстандагы товардык көргөзмөсүн уюштуруучулардын бири болуп саналат.
Жолугушууда тараптар мындан аркы кызматташтыктын келечегин, көргөзмөлүк жана соода-экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүнү, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери ортосундагы байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Жолугушууга компаниянын эл аралык бөлүмүнүн директору Лю Кай катышты. Ал тышкы кызматташтыкты, чет өлкөлүк ассоциациялар жана ишканалар менен өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле эл аралык көргөзмө долбоорлорун координациялайт.
Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынан билдиришкендей, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана ата мекендик бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча иштер улантылат.
