Михаил Мишустин: 2024-жылдын алты айында Кыргызстан менен Россиянын товар жүгүртүүсү 13% өстү
2 октябрь

Михаил Мишустин: 2024-жылдын алты айында Кыргызстан менен Россиянын товар жүгүртүүсү 13% өстү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жолукту. 

Тараптардын жолугушуусу Армениянын Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Михаил Мишустин Россия Кыргызстан менен достук, бир туугандык мамилелерди баалай турганын жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин белгиледи. 

"Январь-июль айларында өз ара соода жүгүртүүбүз 13% өстү. Россия менен Кыргызстандын өкмөттөрү бардык чечимдерди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат. Бул биринчи кезекте эки өлкө жетекчилери тарабынан биздин алдыбызга коюлган экономикалык чөйрөдөгү узак мөөнөттүү стратегиялык милдеттер. Транспорт, логистика, өнөр жай жана айыл чарба кооперациялары, санарип экономика жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүнү тездетүүнү сунуштайбыз", - деп баса белгиледи Мишустин. 

Россия өкмөтүнүн төрагасы 3,5 миңден ашык долбоорду каржылаган Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун пайдалуу ишмердүүлүгүн белгиледи.