Кумтөр Петров көлүнөн алынган суу үчүн Кыргызстандын бюджетине 203 млн сомдон ашык каражат төлөгөн
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2025-жылдын 10 айы үчүн сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү мамлекеттик бюджетке которду.
1-январдан 31-октябрга чейин ишкана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн 2,03 млн куб метр суу пайдаланган. Төлөмдөр кинистрлер кабинетинин токтомуна ылайык эсептелди.
Салыштыруу үчүн: 2021-жылдын май айына чейин кен канадалык тарап тарабынан башкарылып турган учурда сууну пайдалангандыгы үчүн төлөм алынган эмес. Ошол эле учурда, мисалы, 2015-жылы гана суу алуу көлөмү 5,5 млн куб метрден ашкан.
